Таласта жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынууда

Бакай-Ата жана Талас райондорунда жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата жана Талас РИИБдин кызматкерлери Талас ОИИБдин Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен бирдикте баңги заттарга каршы иштерди алып барышууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айдоо жерлерде массалык түрдө жапайы өскөн кара куурайларды аныктоо иштери жүргүзүлдү. Аныкталган жер участокторунан милиция кызматкерлери ал чөптөрдү чалгы менен чаап, баарын бир жерге чогултуп, өрттөө жолу менен жок кылышты.

Бакай-Ата районунда Боо-Терек жана Миң-Булак айылдарынын канал жээктериндеги, аянты 1 гектар жерди түзгөн аймакта кара куурайлар орулуп өрттөлдү.

Ал эми Талас РИИБдин кызматкерлерлери Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан салмагы 1 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды. Атайын бекитилген пландын негизинде облустун аймагында бул багытта иштер жүргүзүлүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД