Ала-Арча капчыгайында тоодон кулап кеткен киши изделүүдө

Ала-Арча капчыгайында тоодон кулап кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-август күнү Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан түшүп келе жатып 1 эркек киши тоодон кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ӨКМдин КДМБнан (Эдельвейс куткаруучулар тобу) 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишти.

Куткаруучулар "Хижина Рацека" альпинисттердин лагеринде жетишип, кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн, 15-августта жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД