
Жаңы "Омикрон" - "Ниндзя" штаммынын вариантынын кооптуулугу анын кайра инфекцияны пайда кылуу жана өзүнөн мурдагы варианттарга караганда иммунитеттен четтөө жөндөмдүүлүгүндө камтылат.
"Көптөгөн адамдар үчүнчү же төртүнчү жолу ооруп жатышат жана ал, сыягы, анын өзгөрмөлүүлүгү боюнча сасык тумоо вирусунан озуп чыга баштады. Коронавируссуз жашайбыз деген үмүтүбүз акталган жок", – деген пикирде Россинын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Каган.
Айтымында, учурда оорунун жеңил учурлары көп катталууда.
"Бирок оорунун жеңил өтүшү адамдар ооруп жатканын түшүнбөй, анализ тапшырбай, вирусту таратып жатканына алып келүүдө. Ошого байланыштуу анын жугуштуулугу жогорулады", – деп билдирди Каган.
Иммунитеттүү адамдардын көпчүлүгү вирустун андан кутула турган варианттарды өз алдынча тандап алышына алып келди. Вирус жоголуп кетпейт, бирок иммундук катмар ага багыттаган тарапка өзгөрөт, деп белгиледи дарыгер.
Булагы: Комсомольская правда