
Беловодскидеги №16 түзөтүү мекемеси коомчулуктун көңүл чордонуна айланды. Анткени ал жерде Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө ишке кабыл алынган жаш кызматкерлер салтанаттуу түрдө ант беришти.
Мекеменин жетекчиси, и/к полковниги А.Кыдынбаев ыраазычылык билдирип, кызматта бир топ ийгиликтерге жетишкен кесиптештерин ведомстволук медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйлады.
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү өзгөчө кыраакылыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган өтө спецификалык, татаал тармакта кызмат өтөгөн бардык кызматкерлер үчүн өзгөчө маанилүү дата экени белгиленди.
Расмий бөлүктүн соңунда көп жылдар бою ЖАК тутумунда эмгектенип, алтургай бир убакта No16 мекемеде жетекчилик кызматка чейин жеткен и/к подполковниги Н.Саманчиевди ардактуу эс алууга салтанаттуу узатуу иш-чаралары өткөрүлдү.