№27 түзөтүү мекемесинде кызматка жаңы кабыл алынгандар ант беришти

Молдовановка айылындагы түзөтүү мекемесинде кызматка жаңыдан кабыл алынган бүтүндөй бир топтун ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик күнүнө карата №27 мекемеге чогулушту.

Кызматка жаңыдан кабыл алынган бүтүндөй бир топтун ант берүү аземинен кийин өз ишмердүүлүгүндө мыкты жетишкендиктерди көрсөткөндөрдү сыйлоо башталды.

Мекеменин башчысы, и/к полковниги Нурдин Туруспеков аларга ардак грамоталарды жана татыктуу медалдарды тапшырып, мындан аркы ийгиликтерди каалады. Жаза аткаруу тутумунда кызмат өтө жоопкерчиликтүү экенин, жалпысынан мамлекетибиздин укук коргоо тармагында өзгөчө орунду ээлей турганын баса белгиледи.

Ошондой эле бул күнү чогулган топ кесиптеши, ЖАКда абийир менен кызмат өтөп, ар кандай кызматтарды аркалап, алтургай No27 мекеменин башчысы да болуп эмгектенген и/к капитаны К.Абдиевди ардактуу эс алууга узатышты. Жаңыдан дайындалган пенсионерге ведомстволук сыйлык жана баалуу белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД