"Учитель" чокусунан кулап каза болгон орусиялык туристтин сөөгү түшүрүлдү

Ала-Арча капчыгайында орусиялык туристтин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-август күнү Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан Орусиянын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.

Жерине 6 куткаруучу тартылып, жогору аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД