Некролог. Айыл чарба адиси Дүйшөнкул Жумаков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз элинин дагы бир мыкты уулунун жарыгы өчтү. 63 жаш курагында бүтүндөй өмүрүн айыл-чарбага арнаган Жумаков Дүйшөнкул Жумакович күтүүсүз кырсыктан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жумаков Дүйшөнкул Жумакович 1959-жылы Нарын облусунун Ат-башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктаган соң 1978-жылы борбор калаадагы Скрябин атындагы кыргыз айыл-чарба институтунун тапшырып, 1983-жылы инженер-механик кесибине ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун 1977-1978-жылдары "СССРдин 50 жылдыгы" совхозунда курулуш иштери боюнча жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң:

1983-1984-жылдары "1-Май" атындагы колхозундагы машина-трактордук паркында инженер,

1984-1987-жылдары "СССРдин 50 жылдыгы" совхозунда башкы инженер-механик,

1987-1989-жылдары "1-Май" атындагы колхозунун башкы инженер,

1989-1990-жылдары "СССРдин 50 жылдыгы" совхозунда инженер,

1990-1992-жылдары "Баш-Кайыңды" совхозунун башкы инженери,

1992-1995-жылдары "Баш-Кайыңды" совхозунун директору,

1995-1996-жылдары "Чоң-Дөбө" техникалык сервисинин башкаруучусу,

1996-1997-жылдары Баш-Кайыңды айылынын өкмөт башчысы,

1997-2000-жылдары машина-малчарба станциясынын директору,

2000-2013-жылдары Көп тармактуу "Жайыт" кооперативинде төрага,

2013-жылдын апрель айынан баштап "Адил-Жол" дыйкан-чарбасынын жетекчиси болуп иштеген.

Дүйшөнкул Жумаков жылкы баласына өтө жакын эле. Бул жагынан ал жылкы жандыгынын асыл тукумдарын өстүрүүгө жан-дүйнөсүн салып, эмгектенди. Бүгүнкү күндө анын 100 дөн ашык асыл тукумдуу жылкысы бар. Бул иш менен 10 үй-бүлөнү туруктуу жумуш менен камсыз кыла алды. Райондун коомдук турмушуна жигердүү катышуу менен элдин жашоо-шартын оңдоо максатында демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштерди байма-бай жасап келди. Өзү туулуп өскөн Баш-Кайыңды айылындагы Ч.Асеков атындагы орто мектебинин спорт залы анын демөөрчүлүгү менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Турмуш шарты начар, колунда жок адамдарга башкача камкордук менен кол сунуп, ар тараптан колдоо көрсөтүү менен жардамын аячу эмес. Эл ичиндеги кадыр-баркы жана кызматтагы бай тажрыйбасы артында ал 3 ирет айылдык, 3 ирет райондук кеңештин депутаты болуп шайланган. Баш-Кайыңды айылынын, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун "Ардактуу атуулу" наамына ээ болгон. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарбанын мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Дүйшөнкул Жумаковдун адамгерчилик бийик сапаты, иштеги бай тажрыйбасы анын замандаштарына үлгү бойдон кала бермекчи.

Маркумдун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

"Ат-Башы ынтымагы" коомдук фондусу


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД