Ош шаарында каналдан аялдын сөөгү табылды

Ош шаарында белгисиз аялдын сөөгү табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, "102" кызматына Маматисаков көчөсүндөгү каналда болжол менен азиат улутундагы аял кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, аялдын сөөгүн суудан чыгарышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД