
Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулганын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарган.
Тергөө ушундай тыянакка келгенин себеби, COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеш менен макулдашуу менен министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.
Ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 вакциналарына "Жеткиликтүү жана адилеттүү камсыз кылууга багытталган "COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында 2021-жылы КР өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 млн 454 миң доллар өлчөмүндө орду толтурулган.
Ошентип, А.Бейшеналиев КР саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу.