
"Полит Узник" баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди кечээ, 16-августта Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
14-августта Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.