Айдоочуларга эскертүү! Борбор калаанын 3 көчөсү бир тараптуу болду

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга эскертет:

Кечээ, 17-августтан тартып расмий түрдө борбор калаанын Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн Киев көчөсүнөн тартып, Чүй көчөсүнө чейинки бөлүктөрү бир тараптуу болду. Бүгүндөн баштап, Шопоков көчөсү бир тараптуу болду.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы учурда Логвиненко көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, түштүктү карай бир тараптуу, ал эми Панфилов көчөсү Чүй көчөсүнө чейин түндүктү көздөй бир тараптуу болду.

Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан баардык жол белгилер орнотулуп, расмий түрдө каттам жүрүүдө.

Ошол эле учурда кайгуул кызматы азырынча айдоочулар көнүп, адаптация болмойнча бир-эки күн эреже бузган айдоочуларга протокол түзбөй эскертүүжана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД