ЖАКнын өкүлдөрү Түркиядагы кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышууда

Кыргызстандын Жаза аткаруу тутумунун өкүлдөрү Түркиядагы кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышууда. Бул тууралуу ЖАКнны басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖАКнын төрагасы, и/к аскер генерал-майору Аскат Эгембердиев башында турган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү Түркия Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун ишмердүүлүгү менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Анкарус шаарына келишти.

Бул биринчи иш сапары эмес: ЖАК менен Түркиянын Жаза жана түрмөлөр боюнча башкы башкармалыгы көп жылдардан бери түрдүү тармактарда кызматташып келет.

Негизги милдет - жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде өндүрүштүк ишти уюштуруу боюнча кесиптештердин тажрыйбасын өздөштүрүү. Кабыл алуучу өлкөдө соттолгондордун эмгегин пайдалануу, өнөр жайлык масштабда түрдүү товарларды чыгаруу, ошондой эле мындай продукцияны эл аралык рынокко алып чыгуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жаатында алдыңкы тажрыйбасы бар.

ЖАКнын жетекчиси А.Эгембердиев менен Түркиянын Юстиция министринин орун басары Акын Гүрлек мырзанын жолугушуусу болгон. Тараптар эки өлкөнүн пенитенциардык кызматтарынын мындан аркы өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу мекемелеринин жана СИЗОлордун өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ихсан Өзгур Четин менен жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ЖАК менен жогоруда аталган органдын ортосунда өндүрүштүк ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Аскат Раимжанович кесиптештерине Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип, түзөтүү мекемелеринин базасында өндүрүштү өнүктүрүү чаралары реформалардын максаттарына жана милдеттерине жооп берерин белгиледи.

Ошондой эле, кыргыз делегациясы Анкара шаарынын Синжан районунда жайгашкан түзөтүү мекемелеринин комплексинде болуп, соттолгондорду түзөтүү жана тарбиялоо боюнча жатак абактардын иши, өндүрүш объектилери, аларды кесипке үйрөтүү тажрыйбасы менен таанышты.

Өз кезегинде түрк өнөктөштөрү да эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин, мыкты тажрыйбаларды өткөрүп берүүгө жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД