
Баткенде республикалык деңгээлде спорттук иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен шаарында бүгүн 2022-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылга карата спорттук-массалык иш-чаралар боюнча графигине жана ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык милициянын кенже сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча чемпионаты башталды.
Ачылуу аземинде алгачкы сөздү Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов сөз сүйлөп, бул иш-чаранын Баткен жергесинде өтүп жаткандыгына ыраазы болуп, "Спорт бул ден соолуктун булагы. Ден соолугу чың, сергек кызматкерлерибиз ийгиликтерди багындыра алат деп ишенемин" деп чогулган командаларга ийгиликтерди каалап, маркум Улан Сарыбаевтин баскан жолуна токтолуп өттү. Улан Сарыбаев 2006-жылдын 12-майындагы Баткен облусунда куралдуу бандиттер менен болгон атышууда баатырларча курман болгон. Анын жаркын элеси кесиптештеринин жана өлкөнүн бардык милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, анын жаркын элесине арналган спорттук иш-чара 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын ИИМдин "Динамо" дене тарбия-спорт комплексинде жыл сайын өткөрүлүп келет.
Бул спорттук иш чарага Талас, Нарын, Бишкек, Чүй, Жалалабат, Ош шаарындагы, Ош облусундагы, Ички аскерлер, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, КР ИИМдин атайын багыттагы полкунун, Күзөт кызматынын өздүк курамынан түзүлгөн ИИОнун кызматкерлеринин командалары келишти. Кыздар командасынан 7, эркектер командасынан 12 команда тактап айтканда, жалпысынан 19 команда күч сынашууда.
Бүгүн алгачкы беттешүүлөр башталып, 3 күнгө созулган мелдеш 19-август күнү жыйынтыкталат.