Бишкекте бардык маршруткаларга видео байкоо орнотулат

Милициянын кайгуул кызматы коомдук транспорттордун фирмаларынын жетекчилирин чогултуп, ар бир маршруттук унаага видео байкоо орнотуу тапшырмасын койду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан тартып Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаанын айдоочуларынын күнөөсү менен 115 жол кырсыгы катталып, ичиндеги 204 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган. Бул көрүнүш өткөн жылга салыштырмалуу 48 пайызга көбөйгөндүгүн көрүүгө болот. Катталган жол кырсыгынын көпчүлүгү маршруттук унаанын ичинен кулоо болууда.

Ошого байланыштуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Джумагулов техникалык көзөмөлдөө кызматы менен "ОАО Ак-Жолтой", "Ай-Эл-Транс" "Дордой-БИС", "Восточный Экспресс" жана башка жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо, жол кырсыктарынын алдын алуу, ага себеп болгон айдоо учурунда уюлдук телефон колдонбоо, кармоочторду орнотуу, орундуктарды алып салбай толуктоо жана жүргүнчүлөрдү талашып, аялдамага жетпей токтоп, жол тыгынына жана кырсыгына себеп болбоо багытында түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Эң негизгиси маршруттук унаанын ичинде кулоо фактысы менен жол кырсыгы катталган учурда айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда талаш тартыш болбосу жана чөнтөк уурусуна да каршы ар бир маршурттук унаага видео байкоо орнотуу тапшырмасы коюлду. Анткени жүргүнчүлөр маршруттук унаанын ичинде кармоочту кармабай уюлдук телефон чукуп, кокус кулап кеткен учурларда, жүргүнчүлөр айдоочуну кунөөлөп келген фактылар көп катталганын айдоочулар айтып келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД