"Медиа Полиси" Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты

"Медиа Полиси" институту Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, 19 жаштагы кыргызстандык Ырыс Жекшеналиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар үчүн жоопкерчиликти караган айып коюу менен, бийлик элди тынчсыздандырган темаларга коомдук талкууну токтотууга умтулуп жатат.

"ИИМдин тергөө кызматынын Ы. Жекшеналиевди суракка алуусунун себептери жалпыга маалымдоо каражаттарынан белгилүү болду. ИИМ Ы. Жекшеналиевдин сурагы "Фейсбуктагы" баракчасына жазгандарына байланыштуу экенин билдирди. ИИМдин билдирүүсүндө мындай деп белгиленет: "Бул баракчада атайылап жалган маалымат таратылып жатат. Айрым адамдар Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыгууга үндөшүүдө. Айрым билдирүүлөрү кооптондурат, себеби ал жерде карама-каршы, туура эмес маалыматтар таратылып жатат. Айрым активисттердин жана башка адамдардын жалган жана анык эмес маалыматтарды жайылтууга болгон кызыгуусу бар, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы кырдаалды курчутуу үчүн коомдук пикирди манипуляциялоо аракети байкалууда. КР Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди ИИМ. Ы. Жекшеналиевдин кайсы сөздөрү жана билдирүүлөрү аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болуп бергенин ИИМ айткан жок. Бул берене боюнча кылмыш оор деп эсептелет жана беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө альтернативасыз жазаны караштырат.

Биздин баамыбызда, аталган берене боюнча коюлган айып бийликти сындаганы үчүн куугунтуктоого окшоп турат. Бул 2022-жылдын башынан бери коомчулукка белгилүү болгон ушул өңдүү үчүнчү кылмыш иши: ушул тапта дагы эки жарандык активист – Ураимов Маратка жана Мыктыбек Адилет Алиге карата жазык иштери сот өндүрүшүнүн ар кандай баскычтарында жүрүп жатат. Жогоруда аталган жарандарга, ошондой эле 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата социалдык тармактарда ар кандай билдирүүлөрү үчүн иш козголууда, бул жарандар бийлик кабыл алган чечимдерди жигердүү түрдө сындап, өздөрүнүн жарандык позициясын билдирип келишкен.

Ушуга байланыштуу бийликти сындоо – бул ар бир адамдын сөз жана пикир эркиндигине болгон конституциялык укугу экенине көңүл бурабыз. Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, эгерде конкреттүү легитимдүү максат бузулса, мисалы, улуттук коопсуздукка чыныгы коркунуч туулса же башка адамдардын укуктары бузулса, бул укук мыйзамдуу түрдө чектелиши мүмкүн. Ошону менен бирге, ар бир адамдын бул укугуна мамлекеттин ар кандай кийлигишүүсү өлчөмдөш жана шайкеш мүнөздө болууга тийиш.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып коюу төмөнкү негиздер боюнча жүйөсүз жана мыйзамсыз болуп саналат:

Эгерде басылмаларда (билдирүүлөрдө) бул аракеттерге чакырыктар жок болсо, анда КР Кылмыш-жаза кодексинин ушул беренесин колдонуу мүмкүн эмес.

Жазык укугунун теориясында бул кылмыштын объективдүү жагы жапырт башаламандыктын катышуучуларынын бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана (же) массалык башаламандыктарды улантууга, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырууда чагылдырылат.

Муну менен катар, жапырт башаламандык деген эмне болгонун так аныктап алуу зарыл. Мындай учурда адам зордук-зомбулукка, мүлктү талкалап-бүлүндүрүүгө, өрттөөгө, жок кылууга, ок атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонууга же бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүүгө чакырат дегенди билдирет. Ошентип, талкалап-бүлүндүрүүгө, өрттөөгө жана коомдун кадыресе турмуш-тиричилигин бузган башка аракеттерге чакырыктар менен билинген коомдук коопсуздукка чыныгы коркунуч болушу керек. Ал эми басылмаларда бул аракеттерге чакырыктар болбосо, анда КР Кылмыш-жаза кодексинин бул беренесин колдонуу мүмкүн эмес.

Эскерте кетсек, тынч митингдерге, демонстрацияларга чыгуу чакырыгы жапырт башаламандыкка же бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө чакыруу кылмышынын курамын түзө албайт, себеби тынч митингге катышуу жана ага чакыруу өлкөнүн ар бир жаранынын конституциялык укугу болуп саналат.

Басылмада так эмес маалыматтын болушу жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп бере албайт.

Бул жазык беренеси боюнча кандайдыр бир "анык эмес маалымат" жөнүндө сөз болгон жок. Негизи эле пресс-релизди даярдап жатканда ИИМ мыйзамдын конкреттүү кайсы ченемин жетекчиликке алгандыгы олуттуу кызыгууну жаратууда. ИИМдин пресс-релизинде колдонулган туюндурмалар мүнөздөлүп жаткан иш-аракеттер КР КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүгүн колдонууга туура келбегендигин көрсөтүп турат.

"Анык эмес маалымат" деген түшүнүк так эмес, ишенимге арзыбаган, ишенимге татыксыз нерсени билдирет. Ошону менен бирге, "анык эмес маалымат" деген түшүнүк өзүнүн аныктамасынан мындай пикирди билдирүүдө жаман ойду көздөбөстөн жаңылып калууну жокко чыгарбайт. Мисалы, жакында эле көңүлүңөрдү бир көрүнүшкө бурганбыз: Ички иштер министрлиги "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамды аткаруу үчүн профилактика катары социалдык тармактардын пайдалануучуларын суракка алып жатканын айтып, ИИМдин башчысы өзү так эмес маалыматтарды таратууда.

Ошондуктан, эгерде ИИМ белгилегендей, коомдо так эмес маалымат таратылып жатса, анда биздин өлкөнүн мамлекеттик бюджетинен каржыланып жаткан көп сандаган мамлекеттик каналдардан (мисалы, "КТРК", "КТРК Ала-Тоо 24", "ЭлТР", "Бешинчи канал", "Пирамида", "Илим-Билим" ("ЭлТР"), "Ынтымак", облустук телеканалдардан) пайдаланып, мамлекеттик органдардын колунда болгон "анык маалыматтар" берилиши керек. Эгерде активисттин билдирүүсү кайсы бир адамдын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирсе, анда ал адам жарандык доо менен сот органдарына кайрылууга укуктуу.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде М.Ураимовго, Мыктыбек Адилет Алиге, Ы. Жекшеналиевге жана пикирин эркин билдирүү укугун колдонгонуна байланыштуу камакта отурган башка адамдарга карата жазык куугунтугун чукул арада токтотууга үндөйбүз. Биз бийликти түзүлүп жаткан кырдаалды талдап чыгууга, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакта кармоо өңдүү ыкмалар менен сынчыл маанайда ой жүгүрткөндөргө каршы күрөштү токтотууга, өз кесибине тиешелүү тикелей максаттары жана милдеттери боюнча жигердүү ишти баштоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД