Мектеп ашпозчулары жаңы технологиялар боюнча тамак даярдоого окутулат

17-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Хильке Дэвид менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жыйынтыгында министрдин орун басары БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Республикалык компетенттүүлүк борборун уюштуруу чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Республикалык компетенттүүлүк борборунда мектеп ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери меню түзүүгө жана калорияларды эсептөөгө, жаңы технологиялар боюнча тамак даярдоого окутулат. Борбор И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ачылат.

Кыргызстандагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы бир нече жылдан бери мектептерди ысык тамак даярдоо үчүн ашкана жабдуулары менен жабдууга, мектеп бакчаларын жана күнөсканаларын тамак-аш менен камсыз кылууга, мектеп ашпозчуларынын квалификациясын жогорулатууга жардам берип, мектеп тамак-ашына мониторинг жүргүзүү үчүн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн 60ка жакын адистерине окутууларды уюштурду.

Мектептеги тамактануунун абалы жөнүндө жыйынтыктар атайын маалымат базасына киргизилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД