Директорлор сынагы: Чүйдө талапкерлердин 38 пайызы тесттен өттү

17-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чүй облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 69 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 38%ын түзөт.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД