Директорлор сынагы: Таласта 24 талапкер босого баллдан өттү

17-августта Талас мамлекеттик университетинде Талас облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тестирлөөгө Талас облусунан 75 талапкер катышкан. Жалпы 113 жаран документин жиберип, анын 37не документтерин толук тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген эмес. Ал эми бир талапкер тестирлөөгө келген жок.

Жыйынтыгында 24 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 32%ын түзөт.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД