Бишкекте социалдык турак-жай куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун, калаанын транспорт, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиевдин түркиялык "Кузу групп" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаада социалдык турак- жайларды куруу, ошондой эле шаардык канализацияны башкаруу жана биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо боюнча пландар талкууланды.

Маалымат үчүн: "Кузу групп" жылдык жүгүртүүсү 350 миллион АКШ долларынан ашкан Түркиядагы алдыңкы подряддык компаниялардын бири. Компания массалык жеткиликтүү турак жайларды курууда лидер болуп саналат. Кошумчалай кетсек, компания акыркы 20 жылдан бери саркынды сууларды башкаруу менен алектенет. Стамбулдун канализациясын 10 жылдан ашык убакыттан бери башкарып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД