Мамлекеттик органдар суроолорго социалдык түйүн аркылуу жооп беришет

Мамлекеттик органдардын жетекчилери социалдык түйүндөрдө жума сайын отчёт берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

14-июлда Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга социалдык түйүндөргө түз чыгып аткарылган иштер тууралуу кыргызстандыктарды маалымдоону тапшырган.

Мамлекет башчысы белгилегендей мындай отчёттор аткаруу бийлигинин өлкө жашоочуларынын алдындагы жоопкерчилигин жана отчеттуулугун күчөтүп, мамлекеттик башкаруу процессине калктын кеңири тартылуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Төмөндө 2022-жылдын 19-августуна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин "Facebook" жана "Instagram" социалдык тармактарында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графигин сунуштайбыз:

9:00 – өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет. Жооптуу кызматкердин номери 0778-83-50-00;

11:00 – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касейинов. Жооптуу кызматкердин номери 0990-30-11-31;

15:00 - экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов. Жооптуу кызматкердин номери 0550-90-01-30;

15:00 - санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров. Жооптуу кызматкердин номери 0 509 888 011;

15:00 - Социалдык фонд. Жооптуу кызматкердин номери (жооптуу адам: Абдылдаев А.) 0550 28 96 77.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД