УКМК: "Тазалык" ишканасында коррупциялык схема аныкталды

"Тазалык" ишканасынан акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштуруп алганы аныкталган.

Бардык чыгарылып кеткен каражаттар схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири, "Тазалык" ишканасынын кызматкери депутат Ч.М. өткөн нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат.

Анын натыйжасында "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын жолго коюлган ишинде мүчүлүштүктөр болгон. Кылмыш ишинин алкагында Ч.М. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД