Кайгуул кызматы жүргүнчүлөрдү авто бекеттерден гана жүрүүгө чакырды

Кайгуул кызматы жүргүнчүлөрдү мыйзамдуу түрдө авто бекеттерден гана жүрүүгө чакырат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы учурда окуу жылынын башталышын утурлай Бишкек шаарынын аймагынан сырткары алыскы аймактарга же ал жактан шаарга карай каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүүдө.

Мына ошол башка аймактарга каттоо учурунда жарандардын көпчүлүгү арзанына кызыгып, Ош базарынын айланасындагы жеке такси кызматына отурушууда. Бирок алардын жүрүү кыймылына, унаалардын техникалык абалына жана айдочу менен жүргүнчүлөрдүн жалпы коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт.

Ошондуктан кайгуул кызматы жүргүнчүлөрдү башка аймактарга каттоодо чыгыш жана батыш авто бекеттерде гана жүрүүгө чакырат. Анткени ал жакта каттамга чыкчу унаалардын баардыгы техникалык кароодон өтүп, наркология бөлүмүнөн текшерилип, психологиялык жактан даяр болгон айдоочулар гана каттамга чыгарылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД