3 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалып келинди

Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыянын 33 жаштагы тургуну 3 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын "М" аттуу тургуну социалдык барактардан туура эмес диний агымдарга чакырып жүргөндүктөн 2019-жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, издөө иши ачылган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы А.М. аттуу тургуну Россия Федерациясында экендиги аныкталып, азыркы күндө Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилип берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД