"Манас" аэропорту күнү-түнү WhatsApp аркылуу иштөөчү ишеним линиясын ачты

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому кардарларын тейлөө сапатын жогорулатууну көздөп, компаниянын ишмердүүлүгүн жакшыртууга арналган кайрылуу, сунуштарды кабыл алат.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тесттик түрдө ишеним линиясы ачылды. Байланыш каналы WhatsApp мессенджеринде төмөнкү телефон номуру аркылуу иштейт: +996 (550) 590 000.

Билдирүүлөр тексттик, сүрөт, аудио/видео-форматтарында күнү-түнү кабыл алынат.

"МЭА" ААК мыйзам бузуу учурлары тууралуу маалымат бөлүшкөндөр үчүн купуялуулук саясатын камсыз кылууну убада берет. Компания тиешелүү билдирүүлөрдү жөнөткөн жарандарды, алардын ичинен кызматкерлерин, дискриминация жана башка басым түрлөрүнөн коргоого даярдыгын маалымдайт.

Ошондой эле, Компанияга текст же аудио-форматында сунуштар менен төмөнкү номурлар аркылуу кайрылууга болот:

"Манас" эл аралык аэропорту 0 (312) 693 109

"Ош" эл аралык аэропорту 0 (3222) 9 01 01

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 0 (3943) 7 22 40.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД