Лейлек районунун аймагында "Тилемчилик" иш-чарасында 11 бала аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери "Тилемчилик" иш-чарасынын алкагында көзөмөлсүз жүргөн, базарларда, коомдук жайларда тилемчилик кылып жүргөн балдарды аныктоо максатында бир топ иштерди аткарды.
Жыйынтыгында 11 бала аныкталып, алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп эскертүүлөрдү берди. Ал эми Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 1 ата-энеге протокол толтурулуп, айып пул салынды.