Нарын ОИИБ: Жумгал районунда 1.5 тоннага чукул кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн "МАК-2022" алдын алуу ыкчам иш мерчемдин негизинде Нарын облусунун Жумгал районунда баңги заттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында иш-чаралар өткөрүлдү.
Жумгал районунун Арал, Байзак, Чаек айылдарына атайын посттор коюлуп, район аймагына келген автоунаалар текшерилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жумгал райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте жалпысынан 1.5 тоннага жакын кара куурай өрттөлүп жок кылынды.