ЖАКнын делегациясы түрк кесиптештеринин тажрыйбасын өздөштүрүүдө

ЖАКнын делегациясы түрк кесиптештеринин тажрыйбасын өздөштүрүүнү улантууда. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев баштаган делегациянын иш сапарынын алкагында, Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза жана түрмөлөр боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Энис Явуз Йылдырым мырза менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн пенитенциардык тутумун өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД