Каракол шаарында Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Каракол шаарындагы №23 мекемеде Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. 5 командага бөлүнгөн 54 оюнчу катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду №1 мекеменин командасы ээледи. Экинчи орунду Нарын СИЗОнун командасы багындырды. 3-орунга №23 мекеменин күндүзгү сменанын кызматкерлери ээ болушту. Алардын бардыгы тийиштүү грамоталар жана дипломдор менен кубатталды.
Ошондой эле "Мыкты оюнчу" номинациясында сержант Кубанычбек уулу Калыбек сыйланды. Сержант Арслан Абдрахманов "Мыкты чабуулчу", и/к капитан Эрнист уулу Эрлан "Мыкты дарбазачы" деп табылды.