SARS-CoV-2 вирусунун мээнин эң маанилүү бөлүктөрүн жабыркатуусу анын картаюусунун тездешине алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Хьюстон окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн жаңы изилдөөдө COVID-19 инфекциясы кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү неврологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн деген жаңы идеялар жана далилдер каралат.
Негизги жыйынтыктар COVID-19 козгогон инфекциялар адамдарда:
* калыбына келбеген неврологиялык оорулардын өнүгүшүнө;
*инсульт коркунучунун жогорулашына;
*мээге кан куюлууга алып келиши мүмкүн болгон мээнин туруктуу бузулушунун өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга алып келерин аныктаган.
COVID-19 пайда кылган микрогеморрагиялык жабыркоолор:
Мээнин жабыр тарткан клеткаларында ДНКнын бузулушун күчөтүшү мүмкүн, бул нейрондордун картаюусун жана клетканын өлүү механизмдерин активдештирип, акыры мээнин микроструктурасына - кан тамырларга таасирин тийгизет.
Бул патологиялык көрүнүштөр Альцгеймер жана Паркинсон оорулары сыяктуу нейродегенеративдик шарттарга окшош жана өнүккөн стадиядагы деменцияны, ошондой эле когнитивдик жана кыймыл-аракеттин бузулушун күчөтүшү мүмкүн.