Журналисттин өлүмүнө шектелген Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгкты

Баткен райондук соту 18-августта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган.

"Кечээ, 18-августта айыпталуучунун жактоочуларынын өтүнүчү канааттандырылып, соттук териштирүүлөр бүткөнгө чейин Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды", – деп айтылат маалыматта.

Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү", "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Бейбаштык" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Соттук териштирүү өткөн айда башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД