Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт.

Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришкендей, "Айтыш-2022" сынагынын тандоо туру 22-августта саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында башталат.

Айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү 30-31-августта саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.

Байге фонду 3 млн сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД