ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Иманкулов жолугушуунун алкагында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстандын Президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Жадамын Энхбаяр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Маалыматта жолугушуулардын жүрүшүндө глобалдык жана регионалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралганы айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД