Кайгуул кызматы окуу жылына даярдык көрүүдө. 101 жол белгилери жетишпейт

Кайгуул кызматы окуу жылына даярдык көрүүдө. 101 жол белгилери жетишпейт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын жол көзмөлдөө бөлүмү окуу жылынын башталышын утурлай Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан 104 жалпы билим берүүчү орто мектептерди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында жеринен кароо өткөрүп, мектептин айланасында жаңылоого, алмаштырууга жана жаңы коюга муктаж болгон төмөнкү101 жол белгилерин аныктады.

Алардын ичинен:

-Ылдамдыкты чектөө (3.24) -10;

-Балдар (1.23)-7;

-Жөө жүргүнчүлөр (5.19.1, 5.19.2)-14;

-Атайын дөңсөө (1.17). "Искусственная неровность" -14;

-Аракет убактысы (8.5.4) -23.

-Багыт берүүчү жол белгилери (ЗИП) -33.

-Жалпы 101 жол белгилерин калыбына келтирүү боюнча Бишкек мэриясынын тийиштүү бөлүмүно атайын сунуштар берилди.

Ошондой эле:

-Мектептерге жакын жайгашкан эскилиги жеткен жана тоскоолдук жараткан бактарды кыйып тазалоо боюнча жашылдандыруу муниципалдык иш канасына 22 сунуш берилди. Андан сырткары 40 жол чийиндерин жаңылоо оюнча Бишкек мериясына сунуштамалар жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД