Массачусетс университетинин окумуштуулары жаңы эмдөө жолун ойлоп табышты

Мурун аркылуу вакцинаны киргизүүнүн жаңы ыкмасы АИВге жана COVID-19га каршы жакшыртылган вакциналарга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Массачусетс университетинин окумуштуулары (АКШ) вакциналык антигендерге мурундун былжырлуу тосмолорун айланып өтүүгө жардам берүүнүн жолун табышты. Алар көздөгөн жерине жетип, иммундук жоопту активдештирип баштоо үчүн организмдеги белокту (альбуминди) "автостоп менен" натыйжалуу басып өтүшөт.

Жаңы вакцина мурунда гана эмес, дененин башка былжыр челинде, анын ичинде жогорку дем алуу жолдорунда, өпкөдө жана заара чыгаруу жолдорунда дагы иммунитетти калыптандырууда өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.

Окумуштуулар бул жаңы эмдөө технологиясын өз лабораторияларында изилдөөнү жана иштеп чыгууну улантууда жана келечекте аны башка ооруларга жана илдеттерге ыңгайлаштырууга ишеним артышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД