Нарындагы тергөө абагында оңдоо-түзөө иштери жүрүүдө

Нарындагы №24 тергөө абагынын администрациясы оңдоо-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин сырткы тосмосун жаңыртып, ички аймактагы жашылдандыруу иштеринен кийин ал жактагы имараттарды оңдоого кезек келди.

Сырткы дубалдарды бекемдөө үчүн өз демилгеси жана күчү менен дуьалдын түбүнө 55 метр бетон стяжкасы куюлду.

Мындан тышкары, чатырларга жалпы узундугу 68 метрди түзгөн суу түтүктөрү жана калкалоочулар орнотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД