Талас облусунунда "Арсенал" рейдинин жыйынтыгында 14 ок атуучу курал алынды

Талас облусунун аймагында "Арсенал" рейди жыйынтыкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас областынын аймагында 2022-жылдын 16-18 август күндөрү өткөрүлгөн "Арсенал" рейдинин жүргүзүлгөн иш чараларына жалпы 145 кызматкер иш алып барган.

"Арсенал" рейдинин жүрүшүндө эң негизги иш чаралар мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдар, ок дарылар жарылуучу заттарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 февралында № 50 сандуу токтомунун негизинде эл арасында мыйзамсыз сактоодо турган ар кандай ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруусун жана ошондой эле тапшырылган ок атуучу куралды мыйзамдаштыруусуна түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн багытталган. Мындан тышкары ок атуучу куралы бар жарандарга ок атуучу курал менен колдонулган кылмыш, окуяларды болтурбоо боюнча профилактикалык иш чараларды жүргүзүү. Ок атуучу куралды колдонууда коопсуздук эрежелерине ылайык сактоо жана аткаруу.

Талас областы 5 зонага бөлүнүп, аталган профилактикалык иштеринин жүрүшүндө жарандар тарабынан жалпысынан 14 ок атуучу курал алынган. Анын ичинен 16 сайсыз ок атуучу куралдар. Тактап айтканда, Кара-Буура районунан 3 сайсыз, Бакай-Ата районунан 6 сайсыз, Талас районунан 4 сайсыз, Талас шаарынан 1 сайсыз эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары жок ок атуучу куралдары өз ыктыяры менен тапшырылган. Мындан тышкары аймактык инспекторлор тарабынан тейлеген административдик аймактарында 570 жарандардын турак жайларындагы куралдардын сактоо шарттары текешерилди. Натыйжада жалпы 36 административдик протокол түзүлдү. Жалпы жарандарга түзүлгөн административдик протоколдун негизинде 60000 миң сом айып салынды.

Андан тышкары ок атуучу куралдын каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 7 ок атуучу куралы алынган. Рейддин жүрүшүндө ок атуучу куралды алып жүрүүдө жана колдонууда коопсуздукту сактоо, алып жүрүүнүн жана сактоо эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жалпысынан 120 милдеттеме алынган. Мындан тышкары рейдин жүрүшүндө издөөдө жүргөн 2 адамдын жүргөн жери аныкталып кармалган, 14 мурда болгон кылмыштын бети ачылган.

Талас ОИИБи милиция тарабынан ушул багытта профилактикалык иш-чаралар улантылат жана өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга жеңилдиктер болоорун жарандарга эскертет.Жарандар табылып алынган же аныкталган ок атуучу куралдар боюнча аймактык милицияга кайрылышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД