ЖАК менен ӨКМ биргеликте өрт өчүрүү боюнча окууларды өткөрүшүүдө

ЖАК менен ӨКМ биргеликте өрт өчүрүү боюнча окууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугу жаатында кызматташууну бекемдөөдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Окуу борборунда ЖАКнын өрт өчүрүүчү унааларынын айдоочуларынын дагы бир тобу окууларын аяктады.

Үч күндүк курстар практикалык машыгуулар менен коштолду.

Тренингдин аягында катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД