"Тазалык" кайрадан Биринчи май районундагы таштандыларды чыгара баштады

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгара баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" шканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштөөдө. Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында бул аймактагы катуу таштандыларды чыгарууну "Эко Проф" компаниясы жүргүзгөн.

"Тазалык" МИси Биринчи май районуна сынак өткөрүлгөнгө чейин тейлейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД