Кызыл-Кыяда Портер уурдай качкан деп 26 жаштагы жаран кармалды

Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 40 жаштагы М.К. аттуу тургуну өзүнүн "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качкандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну экендиги белгилүү болуп, издөө иши ачылган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары өткөрүлүп, "Авторозыск" иш-чарасынын негизинде, Кызыл-Кыя шаар аймагынан 2022-жылдын 18-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД