Ош шаарында жабык теннис кортунун курулушу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, калаада спортту өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чаралардын алкагында Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жабык теннис кортун куруу иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, курулуш иштерин сентябрдын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин балдарды жыл бою тенниске үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, бул жерде теннис боюнча шаардык жана республикалык чемпионаттарды өткөрүү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД