Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалыкка" жетекчи болуп дайындалды

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, аны дайындоо боюнча буйрукка Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД