Жоокердин ѳлүмү. Аскер институтунун кароол башчысы камакка алынды

Аскердик институтта каза болгон жоокер Сыргак Сабырбековдун өлүмүнө боюнча аталган аскер бөлүктүн кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") жана 394-беренеси ("Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Аскер прокуратурасы териштирүү ишин улантууда.

Эске салсак, 18-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген. Макул былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылганы белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД