Бүгүн саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Joker" түнкү клубунан өрт чыккан.
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, жерине 2 өрт өчүрүүчү тартылган.
Жалын саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 13:23тө толугу менер өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 чарчы метр аянты күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдары такталууда.
Өрттөн жабыркагандар жок.