Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгын Тергөө комитети иликтейт

Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты Ульяновск облусунда 16 адам каза болгон кырсык боюнча кылмыш ишин иликтейт.

16 киши каза болгон Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты иликтейт. Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин адамдардын өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоону, унаалардын техникалык абалы боюнча документтерди сурап жана изилдөөнү, ошондой эле адамдарды коопсуз ташуу үчүн талаптарга шайкештигин текшерүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Орусиянын Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда М5 трассасында жол кырсыгы катталган. Mercedes үлгүсүндөгү кичиавтобус оор жүк ташуучу эки унаанын ортосунда калган.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, 3 киши оор абалда медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталууда.

КР ТИМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульяновск районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД