"Тазалык" жумушчуларды ишке чакырат. Эмгек акысы 20 миң сомдон жогору

Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына жумушчулар керек. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20 жаштан 50 жашка чейин эркек адамдар талап кылынууда. Эмгек акысы 20 миң сомдон жогору. Иш убактысы дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин. Жумуш сааттары сүйлөшүү учурунда белгиленет.

"Кененирээк маалымат алуу үчүн: +996 555 88 99 80 номери аркылуу кайрылууга болот", – деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД