
Орусиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан каза болгон кыргызстандык жарандардын аты-жөнү такталды.
Кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жараны болсо, экөө орусиялыктар. Дагы Кыргызстандын 3 жараны ооруканага оор абалда түшкөн.
Учурда каза болгон 14 жарандын он үчүнүн өздүгү такталды:
1. Мусабаева Элнура, 1980-жылы туулган;
2. Акылбек уулу Майрамбек, 1997-жылы туулган;
3. Абдулхамид уулу Жакыпбек, 1990-жылы туулган;
4. Абдусалим уулу Таалайбек;
5. Каныбек уулу Азиз, 1976-жылы туулган;
6. Турсуналы уулу Адилет, 1999-жылы туулган;
7. Кожомбаев Каныбек, 1986-жылы туулган;
8. Бекмурзаева Диана, 1998-жылы туулган;
9. Ормонбек кызы Алина, 1995-жылы туулган;
10. Сулайманова Уулкан, 1976-жылы туулган;
11. Жуманалиев Шекербек, 2000-жылы туулган;
12. Алибаева Айгүл, 1981-жылы туулган;
13. Абдулаева Ойгул, 1991-жылы туулган.
Белгилей кетсек, Орусиянын Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда М5 трассасында жол кырсыгы катталган. Mercedes үлгүсүндөгү кичиавтобус оор жүк ташуучу эки унаанын ортосунда калган.
Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, 3 киши оор абалда медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталууда.
КР ТИМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.
Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульяновск районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.