Эки музыкалык мектептин жетекчиси кызматынан бошотулду

Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын директору Исирадин Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 22-августта маданият министри кол койду.

Ошондой эле, маданият министри кол койгон дагы бир буйрукка ылайык, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев ээлеген кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД