Айыл чарбасын каржылоо боюнча 4 млрд 300 млн сом насыя берилди

Айыл чарба министирлиги "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору боюнча 22-августка карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди. Бул тууралуу министирликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министирликтин маалыматына ылайык, аталган долбоордун алкагында 3 категория боюнча жалпы 4 миллиард 295 миллион 914 миң сомго 7 миң 862 насыя берилген.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 1 миллиард 126 миллион 92 миң сом, мал чарбачылык категориясы боюнча 2 миллиард 367 миллион 11 миң сом жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча 802 миллион 811 миң сом берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД