
Вакциналардын эриткичтери Кыргызстанга 28-августта келет. Андан кийин COVID-19 каршы Pfizer вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдирди.
Алардын маалыматы боюнча жиберилген күнү расмий такталган.
"Шприцтер өлкөгө 23-24-августта, ал эми эриткичтери (растворитель) - 28инде келет. Ошондон кийин биз вакциналарды эриткичтери менен аймактарга жөнөтөбүз жана бардык ҮМБлардан эмделүүгө болот", - деп белгиледи аталган борбордун директору Гүлбара Ишенапысова.
Эскерте кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында Кыргызстанга COVID-19га каршы
Pfizer-BioNTech компаниясынын 100 620 доза вакцинасы келген.
Бирок түшүнүксүз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок жеткирилген. Ошол убакыттан бери себептерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатты.
Pfizer–BioNTech вакцинасы өзгөчө кырдаалда колдонуу үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган. Вакцинанын натыйжалуулугу 95%ды түзөт.
Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң башталат. Бирок толук кандуу коргоону камсыз кылуу үчүн эки дозаны алуу зарыл, ДССУ аларды 21-28 күн аралыгында алууну сунуштайт.
COVID-19 инфекциясынын терс кесепеттерин эске алуу менен ДССУ Pfizer–BioNTech компаниясынын вакцинасын кош бойлуулук жана бала эмизүү маалында колдонууну сунуш кылат.
Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде жасалган, вирусту камтыбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт.