Үйүндө баңгизат камтыган өсүмдүктү өстүргөн Кызыл-Кыянын тургуну ккармалды

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу үйүндө баңгизат камтыган өсүмдүктү мыйзамсыз өстүрүп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде 2022-жылдын 21-август күнү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жергиликтүү тургун үйүндө баңгизат каражаттары камтыган өсүмдүктү мыйзамсыз өстүрүп жаткандыгын аныкташкан.

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын "С" аттуу жашоочусу аныкталды.

Азыркы күндө соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД